🚨 Орусияда 2025-жылы күчүнө кире турган чет элдик жарандар үчүн жаңы эрежелер киргизилүүдө.
📅 2025-жылдын 1-январынан тарта уруксаты жок чет элдиктер Орусияда жыл ичинде 90 күн гана жүрө алышат.
🚫 2025-жылдын 5-февралынан тарта өлкөдө жүрүүгө мыйзамдуу негиздери жок жарандар үчүн өлкөдөн чыгаруу режими киргизилет.
📋 Талаптарды аткарбаган чет элдиктер көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, депортацияланышы мүмкүн.
⚠️ Кыргызстандын жарандарына жаңы эрежелер менен таанышып, Орусиядагы укуктук абалын өз убагында жөнгө салуу сунушталат.