Орусиядагы кыргызстандык мигранттар 39 миллион рублдан ашык айлык акы алышкан

Жыл башынан бери Кыргызстандын Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү 557 жаранга 39,3 миллион рубль өлчөмүндө төлөнбөгөн маяна алууга жардам берип, миграция жана укуктук коргоо маселелеринде колдоо көрсөттү.

🇰🇬 Жыл башынан бери Москвадагы кыргызстандыктар төлөнбөгөн эмгек акыларын алууда чоң жардам алышты.

💰 КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгү 557 жаранга 39,3 миллион рублди кайтарып берүүгө жардам берди.

⚖️ Ошондой эле 7 кыргызстандык өндүрүштүк жаракаттан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 2,6 миллион рубль өндүрүп алууга жетишкен.

🛡️ Өкүлчүлүк 32 соттук отурумга катышып, 107 жарандын укуктарын коргоодо колдоо көрсөткөн.

⚰️ Мекенине кайтып келген 134 жарандын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн 9,5 миллион рубль төлөндү.

📞 7 миңден ашык кыргызстандыктар Орусиянын миграциялык мыйзамдары боюнча консультация алышты.

👶 Кароосуз калган 11 жашы жете элек балдар мекенине ийгиликтүү жөнөтүлүп, 4 жаранга турмуштук оор кырдаалда жардам көрсөтүлдү.

🏥 Ошондой эле 2586 жаранга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алууга жардам берилди.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x