🇷🇺 Орусиянын Кыргызстандагы элчиси чек аралардагы текшерүүлөр узакка созулгандыктан мигранттарды сабырдуулукка чакырды.
🛂 Сергей Вакунов белгилегендей, Орусияда терроризм коркунучу дайыма сакталып турат, бул үчүн өткөрүү пункттарында кошумча коопсуздук чаралары талап кылынат.
🔍 Ал терроризмге шектелгендерди кармоо үзгүлтүксүз болуп жатканын, бул мигранттарды тыкыр текшерүүнү талап кылаарын баса белгиледи.
🤝 Элчинин айтымында, чек арадан өтүү процессин жеңилдетүү үчүн мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды Орусияга кирүү үчүн даярдоо маанилүү.
⏳ Вакунов кошумчалагандай, бул абалды жакшыртуу үчүн биргелешкен күч-аракетти талап кылган узак мөөнөттүү иш.