🚨 Бишкекте жасалма алкоголдук продукциялар сакталган кампа аныкталды.
🍾 Ош базарында КР Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан жасалма акциздик маркалар менен 5710 даана арак кармалды.
⚖️ Иштин бардык материалдары өлкөнүн мыйзамдарына ылайык андан ары териштирүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
🚫 Салык кызматы Кыргызстандын бардык аймагында алкоголдук жана тамеки буюмдарын мыйзамсыз сактоо жана сатууга каршы күрөштү активдүү улантууну пландаштырууда.
💰 Акциздик маркасы жок 1000ден аз тамеки саткандарга 65 миң сом, ал эми 1000 даанадан ашык саткандар 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
🔍 Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерди акциздик маркаларды дыкат текшерип, тиешелүү документтери жок тамеки буюмдарын сатуудан алыс болууга чакырат.