📈 Кыргызстанда 2024-жылдын 1-сентябрына карата мал чарба продукциясынын өсүүсү байкалууда.
🥩 2024-жылдын сегиз айында республикада 272,3 миң тонна эт өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1%га көп. Көбөйүүнүн негизги фактору айыл чарба малынын санынын көбөйүшү болду.
🐄 Бодо малдын саны 18,8 миңге, кой-эчкилердин саны 15,1 миңге, жылкылардын саны 8,5 миңге, үй канаттууларынын саны 620 миңге көбөйгөн.
🥛 Сүт өндүрүү да көбөйүп, 1238,0 миң тоннаны түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,5%га көп. Бул саан уйлардын санынын кебейуп, продуктуулугун жогорулатуунун эсебинен.
🥚 Республикада 533374 миң даана жумуртка өндүрүлгөн, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 110,4%га көп. Көбөйүү жумуртканын санынын 571,1 миң башка көбөйүшү менен шартталган.
🧶 Жүн өндүрүү 13148,5 тоннаны түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,8%га көп. Бул койлордун санын кебейтуу жана жун кыркууну жакшыртуунун аркасында мумкун болду.
🔍 Жалпы тенденция өлкөдөгү мал чарбачылыгынын оң өнүгүүсүн көрсөтүп турат, бул азык-түлүк коопсуздугун жана экономикалык туруктуулукту жакшыртууга өбөлгө түзөт.