✈️ Кыргызстан авиацияны өнүктүрүү үчүн Airbus менен кызматташууга умтулат.
🌍 Президент Садыр Жапаров Берлинде Airbus Europe компаниясынын жетекчиси менен жолугушуп, өнөктөштүктүн өлкө үчүн маанисин баса белгиледи.
✈️ Жолугушууда “Асман” улуттук авиакомпаниясынын паркын жаңылоо, заманбап технологияларга басым жасоо жана жаңы учактарды алуу маселеси талкууланды.
🛫 Кызматташтыктын биринчи этабында Европага, анын ичинде Париж, Берлин жана Лондонго каттамдар үчүн эки Airbus учагын (A320 же A321) ижарага алуу пландаштырылууда.
✅ Кыргызстандык авиакомпаниялар келерки жылы Европа Биримдигинин кара тизмесинен чыгышы күтүлүүдө, бул түз каттамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
🤝 Президент Airbus менен кызматташуу Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүүдө олуттуу кадам болоруна ишенимин билдирип, Йохан Пелиссиерди сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн өлкөгө келип кетүүгө чакырды.