🦠 Сасык тумоо өзгөчө суук мезгилде ден соолукка олуттуу коркунуч жаратууда.
🌡️ Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын дүйнөдө 40 миллион адам жугуштуу ооруларга чалдыгат, анын 90% сасык тумоо жана курч респиратордук оорулар.
❄️ Сасык тумоо менен ооругандардын туу чокусу адатта октябрь айында башталат, температуранын төмөндөшүнөн жана организмдин коргоочу механизмдери алсырагандыктан вирустар активдеше баштайт.
🤒 Сасык тумоонун алгачкы белгилерине дене табынын көтөрүлүшү, чыйрыгуусу, жөтөл, тамактын оорушу, мурундун агышы жана жалпы алсыздык кирет.
🏠 Симптомдор пайда болсо, үйдө отуруп, дарыгерди чакырып, гигиеналык эрежелерди сактоо сунушталат: оозуңарды жана мурдуңарды жоолук менен жаап, колду тез-тез жууп, башка адамдар менен жакын мамиледе болбоо.
💉 Эмдөө – өзгөчө тобокелдик топторунун, анын ичинде медицина кызматкерлерин, тез-тез ооруган балдарды, кары-картаңдарды жана кош бойлуу аялдарды, оор кесепеттерди жана өлүмдөрдү алдын алуу үчүн маанилүү чара.