🥇 Кыргызстандык СДЮШОРдун тарбиялануучулары Кипрдин Ларнака шаарында өткөн самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатта күжүрмөн спорттун түрлөрү боюнча мыкты жыйынтыктарга жетишти.
🏅 Эмирхан Жолдошказиев 98 килограммдан жогорку салмакта алтын медаль утуп, дүйнө чемпиону болду.
🥈 Артур Сансызбеков 88 килограммга чейинки категорияда жогорку чеберчилигин көрсөтүп, экинчи орунду ээледи.
🥉 Ахмед Алиев күжүрмөн самбо боюнча 58 килограммга чейинки категорияда коло медалга ээ болуп, команданын казынасын дагы бир сыйлык менен толуктады.
🥉 Жаштар арасында Азамат Темирбеков менен Илья Сухинин да өз салмак категорияларында коло медалдын ээси болушту.
💪 Бул жетишкендиктер кыргызстандык спортчулардын жана алардын машыктыруучуларынын жогорку деңгээлдеги даярдыгын баса белгилеп, ата мекендик самбонун эл аралык аренадагы күчүн жана келечегин тастыктайт.