🌍 Бишкек менен Анталия экономикалык байланыштарды чыңдоодо.
🤝 23-октябрда Бишкекте экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев уюштурган Анталиядан келген бизнес делегация менен жолугушуу болуп өттү.
📊 Иш-чарада соода жана инвестиция тармагындагы кызматташтыктын келечеги талкууланып, Кыргызстандын Түркияга экспорттук потенциалы көрсөтүлдү.
💼 Улуттук инвестиция агенттиги катышуучуларды Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактарына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү жана чет элдик инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар менен тааныштырды.
🏔️ Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фонду өлкөнүн туристтик потенциалына басым жасап, лыжа кластери жана Чаткал тууралуу маалымат берди.
📈 Кыргыз Республикасы бизнес-климатты жакшыртуу, бизнес процедураларын жөнөкөйлөтүү жана чет элдик өнөктөштөрдү тартууда административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча активдүү иш алып барууда.
🌱 Түрк ишкерлери Кыргызстандын айыл чарба продукциясын импорттоого жана ар кандай өнөр жай тармагына инвестиция салууга кызыкдар экенин билдиришти.
🤗 Жолугушуу эки өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизе турган экономикалык байланыштарды тереңдетүү жана соода алакаларын кеңейтүү жолундагы маанилүү кадам болду.