Дем алыш күндөрү Бишкекте: фермерлердин жарманкесине чакырабыз
Бишкекте 23-24-ноябрь күндөрү социалдык маанидеги продукциялардын жана товарлардын жарманкеси өтөт. Иш-чара Суу чарба министрлиги менен мэрия тарабынан ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана айыл чарба продукцияларын дүң баада сатуу максатында уюштурулууда. Жарманке Н.Жетикашкаев жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүндө өтөт. Өз продукциясын сатууга жеке ишкерлер жана фермерлер чакырылат.