4-сентябрдан 12-сентябрга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин XXIII Эл аралык спартакиадасы өтүп, ага ар кайсы өлкөлөрдөн 3000дей спортчу катышууда. Оюндар спорттун 24 түрүн камтыйт жана достукту бекемдөөгө жардам берет. 9-сентябрда волейбол боюнча мелдеш өтүп, анда Бишкектин “Дордой” командасы жеңишке жетти.
Кыргызстандын Улуттук банкы 2024-жылдын 12-сентябрына карата валюта курсун жаңылады: доллар 84,20 сом, евро 92,97 сом, орус рубли 0,92 тиын. Коммерциялык банктарда доллар арзандап, анын орточо сатып алуусу 84,15 сомду түзүүдө.
2024-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын айыл чарбасынын дүң продукциясы өткөн жылга салыштырмалуу 7,3%га өсүү менен 222,8 млрд сомду түздү. Негизги салымды айыл чарба өсүмдүктөрү, өзгөчө буудай жана арпа кошту, анын түшүмдүүлүгү жагымдуу климаттык шарттардан улам бир топ жогорулады. Дан эгиндерин чаап-жыйноо белгиленген аянттын 74 процентине аткарылды, жашылча-жемиштердин жалпы вндурулушу да кебейду. Айыл чарбасы өлкөнүн ИДПсынын 8,8% түзөт.
Бокс боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучулары Абду-Дабиде өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында медалдарга ээ болушту. Арваз Ахмади 66 килограммга чейинки категорияда алтын медаль тагынып, чемпион аталса, 52 килограммдан жогорку салмакта Ризван Исаев күмүш байгеге ээ болду.
Берлинде Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаев менен «Berliner Verkehrsbetriebe» компаниясынын өкүлүнүн жолугушуусу болуп, анда коомдук транспортко кадрларды даярдоо боюнча кызматташуу талкууланды. Текебаев адистерди даярдоого жардам берүүнү сунуштап, ал эми компания айдоочулардын жана башка адистердин жетишсиздигин белгиледи. Тараптар кадр маселесин чечүү үчүн мындан аркы өз ара аракеттенүүгө кызыкдар.
2024-жылдын сентябрына карата Кыргызстанда тамак-аш азыктарын, суусундуктарды жана тамеки буюмдарын өндүрүүдө 415 юридикалык жак жана 10 813 жеке ишкер катталган. Бул ишканалардын кайра иштетүү тармагындагы үлүшү 21,4%ды түзүп, өндүрүштүн көлөмү 45148,1 млн сомго жеткен.
Жыл башынан бери Кыргызстанда жол кырсыгынан каза болгон 280 учур катталды. Алты айда 555 миңден ашык мыйзам бузуу протоколдору түзүлүп, бюджетке 278 миллион сом түшкөн.
Чүй облусунан жана борбордон аскердик кызматка аттанып жаткан алгачкы аскер кызматкерлерин Бишкектен узатышты. 3000ден ашык жаштар ар кандай аскердик жана мамлекеттик мекемелерде кызмат өтөшөт. Чакыруу 2024-жылдын ноябрь айынын аягына чейин уланат.
2024-жылдын жети айында Кыргызстандын 6 миңден ашуун жараны Өзбекстанга медициналык кызмат алуу үчүн келгени жергиликтүү медицинага кызыгуунун өсүп жатканын айгинелейт. Өзбекстанда чет элдик оорулуулардын жалпы саны 67,4 миңге жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 85,8%га көбөйгөн.
2024-жылдын январь-август айларында КР Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 3,2 млрд сом мүлк салыгы чогултулду, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 379,4 млн сомго көп. Салыктардын бардык категориялары боюнча, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө салык, ошондой эле жер салыгы боюнча жыйымдардын өсүшү байкалууда.