Айсулуу Тыныбекова Аялдар күрөшү федерациясынын вице-президенти болду
21-октябрдагы кезексиз жыйында Айсулуу Тыныбекова Кыргыз күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болду. Ал спорттук карьерасын кийин улантуу менен өлкөдө кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүнү пландоодо. Буга чейинки вице-президент Динара Исаева болгон.