26-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган алыш бел боо күрөшү боюнча республикалык турнир өтөт. Мелдеш эркектер жана кыз-келиндер арасында түрдүү салмак категориялары боюнча өтүп, жеңүүчүлөр диплом жана медалдар менен сыйланат. Турнирдин ачылышы саат 13:00гө белгиленген.
Бишкекте 26-27-октябрда социалдык маанидеги азык-түлүк жана товарлардын жарманкеси өтөт. Иш-чара ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо жана айыл чарба продукциясын дүң баада сатууга багытталган. Жарманке Түгөлбай-Ата көчөсүндө өтөт.
Ноябрдын башында кыргызстандыктар бейшемби жана жума күндөрүнө туура келген Тарых жана эскерүү күндөрүн белгилөөнүн аркасында төрт күн эс ала алышат.
Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргыз Алыш күрөшү боюнча курама команда 7 медаль, анын ичинен 3 алтын утту. Эркектер арасында Баяман Абидинов менен Ирлан Казбек уулу, аялдар арасында Нагира Сарбашева өзгөчөлөнгөн.