Өзбекстанда ок атуу спорту боюнча практикалык сабактар билим берүү программаларына киргизилүүдө. 2025-жылдан тарта ЖОЖдордо жана мектептерде ок атуу курстары башталат, ошондой эле спорттук базалар түзүлүп, ар кайсы курактагылар үчүн мелдештер уюштурулат.
Бишкекте курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактаган деп шектелген эки адам кармалды. Унааны тинтүү учурунда үй буюмдарынын арасынан катылган 560 даана ок жана граната табылган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Венада Кыргызстан менен Австрия уюштурган курал-жарак жана ок-дарылардын запастарын коопсуз башкарууга арналган кошумча иш-чара өттү. Кыргызстандын Туруктуу өкүлү Т.Макеев мыйзамсыз курал-жарак жүгүртүүгө каршы күрөштө өлкөнүн жетишкендиктери менен тааныштырып, жарандарды коргоо жана экологиялык коркунучтарды азайтуу үчүн эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Кемин районундагы эки эркектин ортосунда болгон согуштун натыйжасында, бир эркек ок жеп оорканага жаткырылды. Окуя 15-август болуп, шектуу эркек кармалып, тергоо уланууда.