Тег Азия Кубогу 2025

Кыргызстандын курама командасы Түркмөнстандын курама командасын жеңип алды

20 жашка чейинкилер арасындагы 2025-жылкы Азия Кубогунун тандоо турунда Кыргыз курама командасы Түркмөнстанды жеңип, беттешти 1:0 эсебинде жыйынтыктады. Жалгыз голду 61-мүнөттө пенальтиден Бекназ Алмазбеков киргизди. Беттеш оңдоп-түзөөдөн өткөн Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, оюн башталар алдында күйөрмандарды концерттик программа тартуулашты.

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Түркмөнстандын командасы менен беттешет

27-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын 20 жашка чейинки жаштар курамасы 2025-жылкы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Түркмөнстан менен беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталып, шоу программа менен коштолот. Кыргызстандыктар буга чейин Мьянманы (2:0) жеңип, Япония жана Түркмөнстан командалары менен I тайпага кирген.