26-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган алыш бел боо күрөшү боюнча республикалык турнир өтөт. Мелдеш эркектер жана кыз-келиндер арасында түрдүү салмак категориялары боюнча өтүп, жеңүүчүлөр диплом жана медалдар менен сыйланат. Турнирдин ачылышы саат 13:00гө белгиленген.
Казанда өткөн бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасы 14 медаль жеңип алды: 3 алтын, 4 күмүш жана 7 коло. Марлен Абдрасулов менен Азизхан Мусабек уулу чемпион аталса, аялдар арасында Бегай Бейгенаалы кызы менен Аземи Камчыбекова өзгөчөлөштү.
Кыргызстандын курама командасы 10-ноябрдан 13-ноябрга чейин Казань шаарында бел боо күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышат. Мелдешке машыктыруучулар Нурбек Кожобеков менен Тамчы Эсенбек уулунун жетекчилиги астында ар кандай салмакта эркектер да, аялдар да катышат.