Парижде ЮНЕСКОнун колдоосу менен Эл аралык Cinema Heritage кинофестивалы башталды. Бул жылы программага өлкөнүн кайталангыс маданиятын чагылдырган эки кыргыз тасмасы кирди. AITYSH France ассоциациясы тарабынан уюштурулган фестивалга бир жарым миңге жакын көрүүчү келип, кино мурастарды сактоо аянтчасына айланды.
Минск шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган Кыргыз киносунун күндөрү ачылды. Фестиваль белорус көрүүчүлөрүн кыргыз киносу жана маданий салттары, анын ичинде элдин турмушу жана мурасы тууралуу тасмалар менен тааныштырат. Программада «Бейиш энелердин таман астында», «Эсимде» сыяктуу фильмдер керсетулет. Кино күндөрү жуманын аягына чейин уланып, Кыргызстан менен Беларустун маданий байланыштарын чыңдоого көмөктөшөт.
Президент Садыр Жапаров өзбек мушкери Акмал Хасановду кабыл алып, Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал сыйлоо белгиси катары машыктыруучуга автоунаа белек кылып, Борбор Азия элдеринин достугунун жана тынчтыктын элчиси катары спортко колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Хасанов өз кезегинде кыргызстандык спортчуларга жардам берүүгө даяр экенин белгилеп, Олимпиада оюндарында ийгиликтерди каалады.
Бишкек Жибек Жолу проспектинде Махатма Ганди көчөсүндө Ростов көчөсүндө чейинки тротуарлар куруу иштери кызуу жүрүүдө. Туштук тарабында бордюр, сугат системасы орнотулуп, жаны асфальт тостолду. Тундук тарабында эски асфальт алып, бордюр орнотуу аяктоого жакын. Жаңы асфальт оор.