Тиранада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта Раззак Бейшекеев 67 килограммга чейинки салмак ченинде финалда грузиялык атаандашын 6:1 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери Р.Сапаров жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Асан Жанышовду кабыл алып, аларды спорттогу жогорку жетишкендиктери менен куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Кыргызстандык Омурбек Асан уулу Иорданида отуп жаткан жаштар арасындагы чемпионат 60 кг салмак категориясында алтын медаль женип алды. Ал торт беттеште Япония, Украина жана АКШнын спортчуларын женип, финалга азербайжан Хусейн Исмаиловду 5:1 эсебинде утуп, Аталдынын чемпиону.