Кара-Балтада 45 жаштагы эркек киши комага тушуп, оорукта коз жумду. Ал жаш өспүрүмдүн ортосундагы мушташты токтотууга аракет кылып, жапа чеккен. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, эки шектуу кармады.
Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпидасында күрөш боюнча коло медаль утуп алып, кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди. Спортсмен бул женишти олкодогулордун колдоосу менен байланыштырды. Анын айтышымда, саламаттыктагы көйгөйлөргө карабастан, кыргызстандыктардан алган мотивациялар ана алдыга түрттү. Тыныбекова Монголия окулуно каршы акыркы мунотто отуп, коло медалын женип алды. Ал буга чейн Токио Олимпиадасында күмүш медаль уткан.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистери мектепке даярдык менен эмдөө ортосундагы байланыш тууралуу айтып беришти. Мектепке биринчи жолу бара турган балдар психологиялык жана физикалык жүктөмдү сезишет. Алар үйдөн тааныш эмес микробиологиялык чөйрөгө киришет, бул болсо алардын ден соолугуна таасир этет. Эмдөө аркылуу балдарды инфекциядан коргоо маанилүү, анткени 6-7 жаштагы балдар инфекцияларга жогорку сезгичтикке ээ. Портфель даярдап, жаңы форма сатып алуу менен эле чектелбестен, баланын организминин коргоосун камсыздоо керек.
Жазгы мезгилде азык-түлүктүн сапатына көңүл буруу өтө маанилүү, анткени ысык аба ырайы уулануу жана ичеги инфекцияларынын тобокелдигин жогорулатат. Бишкектеги ден соолук борборунун адистери эт жана балык сатып алууда көңүл бурууга тийиш болгон аспектилерди белгилешти. Көптөгөн дүкөндөр азыктарды сактоо жана ташуу эрежелерин бузуп жатышат. Товарды жана анын упаковкасын сыртынан баалоо маанилүү. Жаман көрүнүштөгү азыктарды сатып алуудан качуу керек, анткени аларда бактериялардын активдүүлүгү башталган. Эттин жана балыктын свеждигин текшерүү үчүн, түсүнө, жытына, жабыркаган жерлерине жана башка белгилерине көңүл буруу зарыл. Мындай ыкмаларды колдонуу аркылуу сапаттуу азыктарды тандоого болот.
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун медициналык адистери, балдарыңыздын корь менен ооруган адамдар менен байланышта болсо, эмне кылышы керектигин эскертишти. Эгер баланын корь оорусу менен байланышта болгонуна күмөн санасаңыз, үй-бүлөлүк дарыгерге же медсестрага кабарлаңыз. Баланы мектепке, бала бакчага же башка коомдук жайларга жибербеңиз, конок чакырып же конокко баруудан качыңыз. 21 күн үйдө отуруу сунушталат, бул башкаларды жугузуудан сактануу үчүн маанилүү. Оорунун белгилери байкалса, 72 сааттын ичинде вакцинациялоо зарыл. 2023-жылы Кыргызстанда корьдун күчөп кетиши катталды, алты айдын ичинде 11 миңден ашуун адам ооруган.
Дем алыш учурунда инфекциялык оорулардын алдын алуу эрежелерин эстен чыгарбоо маанилүү. Жылы мезгилде ичеги-карын жана башка инфекциялардын жугуу коркунучу жогорулайт. Бишкектеги саламаттыкты чыңдоо борборунун адистери чет өлкөгө саякаттоодо инфекция жугуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу керектигин билдиришет. Суу, туура эмес иштетилген тамак-аш, кан соргуч жәндиктер жана оорулуу адамдар менен байланыш аркылуу инфекциялар тарайт. Ичеги инфекцияларынын алдын алуу үчүн кайнатылган же бөтөлкөдөгү сууну ичүү, жашылчаларды жана жемиштерди таза суу менен жууп, көчөдө тамактануудан качуу сунушталат. Ошондой эле, жәндиктердин тиштөөсүн алдын алуу үчүн репелленттерди колдонуу жана жеңил, денени жапкан кийимдерди кийүү сунушталат. Саламаттык начарласа, даригерге кайрылуу керек.