Бишкекте Ачык эшиктер күнүнө арналган “Жеңиш” спорттук-өспүрүмдөр спорт мектебинин арасында бильярд боюнча “комбинацияланган пирамида” дисциплинасы боюнча чемпионат өттү. 25 окуучу катышып, жеңүүчүлөргө диплом, медаль жана белектер тапшырылды. Биринчи орунду Ураимов Сыймык ээледи.
Бишкекте “Жеңиш” спорттук-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучулары арасында кросс дисциплинасы боюнча тоо-велосипед боюнча мелдеш өттү. 34 спортчу катышып, байгелүү орундар үчүн күч сынашты. Жеңүүчүлөргө дипломдор, медалдар жана белектер тапшырылды.
Бишкекте кесиптик лицейдин директорунун орун басары дипломду жасалмалоо жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Ушул сыяктуу 39 кылмыштын бети ачылган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.
2024-жылдын башынан бери кыргызстандык мектеп окуучулары математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча эл аралык олимпиадаларда медалдарды, анын ичинде математика боюнча алтын медаль жана биология жана физика боюнча коло медалдарды жеңип алышты.
Ысык-Көлдүн көгүлтүр жээгинде XXIII Эл аралык Ысык-Көл спорт оюндары өтүп жатат, ага КМШ жана ШКУ мамлекеттеринен 3 миңге жакын спортчулар катышууда. Спорттун 24 түрү боюнча мелдештер 2024-жылдын 4-сентябрынан 12-сентябрына чейин “Азия – шериктештиктин жана тынчтыктын аймагы” деген ураан астында өтөт. Пляж волейболу боюнча кыз-келиндер арасында Москва шаарынын командасы жеңишке жетишсе, КЭР командасы экинчи, Бишкек шаарынын командасы үчүнчү орунду ээледи. Жеңүүчүлөргө жана экинчи орунду ээлегендерге сыйлыктар тапшырылды.