Тег эл аралык турнир

Бишкекте Каныбек Осмоналиевдин урматына оор атлетика боюнча эл аралык турнир өтөт

25-28-ноябрь аралыгында Бишкек шаарында белгилүү спортчунун 71 жылдыгына арналган оор атлетика боюнча Каныбек Осмоналиев атындагы 36-эл аралык турнир өтөт. Беш өлкөдөн 150дөн ашык спортчунун ар кандай салмак категориялары боюнча катышуусу күтүлүүдө.

Парадзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасы Астанада өтө турган эл аралык турнирге катышат

Кыргызстандын парадзюдо боюнча курама командасы 19-ноябрдан 25-ноябрга чейин Астанада өтө турган “Тынчтык Гран-при” эл аралык турнирине барат. Команданын курамында түрдүү салмактагы спортчулар бар жана аларды Канатбек Имиянов машыктырат.

Ош шаарында эркин күрөш боюнча XI эл аралык турнир өттү

Ош шаарында бир тууган Абитовдордун элесине арналган эркин күрөш боюнча XI эл аралык турнир жыйынтыкталып, ага бир нече өлкөдөн 150дөй катышуучу катышты. Бардык жеңүүчүлөргө медалдар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Спортчулар 14 салмак категориясы боюнча күч сынашты.

Кол күрөш боюнча курама команда Казакстанда өткөн эл аралык турнирде байгелүү орундарды ээледи

Кыргызстандын кол күрөш боюнча жаштар курамасы Астанада өткөн эл аралык мелдеште 4 медаль жеңип алды: 2 алтын жана 2 коло. Жеңүүчүлөр Адахан Касымалиев менен Дилшат Именов болсо, Абдурахим менен Абдурахман Абдилдановдор коло медалга ээ болушту.

Бишкектик дзюдочулар Нью-Йоркто өткөн турнирде мыкты жыйынтык көрсөтүштү

Кыргызстандык дзюдочулар Нью-Йоркто өткөн IJC FOUR SEASONS JUDO CUP эл аралык турниринде ийгиликтүү чыгып, төрт алтын жана бир коло медалга ээ болушту. Ратбек Адаминов, Умар Насирбеков, Байел Исмаилов жана Элим Муратбеков өз категорияларында жеңүүчү аталса, Данияр Казиев үчүнчү орунду ээледи.

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Кытайда өткөн эл аралык турнирде 6 медаль утту

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Үрүмчүдө өткөн эл аралык турнирде мыкты оюн көрсөтүп, 6 медаль, анын ичинен 2 алтынды Анвар Ходжиев менен Санжар Сейдакматов жеңип алышты. Коло медалдарды Ислам Төрөбаев, Мирзахид Имамназаров, Сагын Сатыбалды уулу жана Бакыт Токтосун уулу алышты. Алмаз Орозбеков 67 кг салмакта алтын үчүн күрөшүн улантууда.