ЖККУ Евразиядагы конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоого салым кошууда
Москвада “Диндер аралык диалог жамааттык коопсуздукту чыңдоонун жолу” аттуу тегерек стол болуп, анда диний уюмдар менен коомдун өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Катышуучулар коопсуздук жана өнүгүү үчүн диний ынтымактын маанилүүлүгүн белгилешип, диалог аянтчасын түзүү демилгесин колдошту.