Тег финал

Финалда! Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Олимпия оюндарынын алтын медалы үчүн атаандашууда

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова Париждеги Олимпия оюндарында финалга чыкты. 68 кг салмакта Блессинг Оборудуду менен болгон полуфиналдык беттеште 3:1 эсебинде жеңишке жетишти. Эми алтын медаль үчүн АКШнын Эмит Элорунан күч сынашат. Жуманазарова полуфиналга чейин Монголиянын Делгерма Энхсайханын 8:3 эсебинде жеңип, Япониянын Нанока Озаки менен болгон кыйын беттеште акыркы секунддарда жеңишке жеткен. Финалдык поединок 6-августта Бишкектин убактысы боюнча 22:15те башталат.