Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Олимпиаданын жарым финалына чыкты
Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 9-августта, Париждеги Олимпия оюндарынын чейрек финалында америкалык Кайла Миракл менен беттешип, 6:6 эсебинде жеңишке жетти. Ал эми полуфиналдык кармашта Украинадан келген Ирина Коляденко жана Болгариялык Биляна Дудова менен беттешүүчү оюнчуну күтүп жатат. Полуфиналдык беттештер Бишкектин убактысы боюнча 22:15те башталат. Тыныбекова аялдар күрөшүндө 62 кг салмак категориясында чыгууда. Ал 1/8 финалда Нигериялык Эстер Колаволени 5:1 эсебинде жеңген. Бүгүн ошондой эле Бекзат Алмаз уулу күрөшөт, ал утушту утуп, Өзбекстандан келген Гуломжон Абдуллаев менен коло медаль үчүн беттешет.