Тег KNIA

Бишкекте “Ак илбирсти чуркоо 2024” бешинчи жарым марафону өтөт

29-сентябрда Бишкекте Nomad Sport коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган “Ак илбирсти чуркоо 2024” эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт. 5 км, 14 км жана 21,1 км аралыкка, ошондой эле балдар жарышына 4,5 миңге жакын жөө күлүктөр катышаары күтүлүүдө. Иш-чарадан түшкөн каражат ак илбирсти коргоо жана экологиялык демилгелерге жумшалат. Каттоо Nomad Sport сайтында жеткиликтүү.