Бишкекте футзал боюнча «Мурас-Аймак» аймактык турнири өтүп, ал президенттин катышуусунда «Мурас» турнирине тандоо этабы болуп калды. Негизги максат – коомдун түрдүү чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоо жана сергек жашоо образын жайылтуу. Бишкек электр тармактар ишканасынын командасы жеңишке жетип, турнирдин мыкты оюнчулары атайын сыйлыктарга ээ болушту.
Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Д.Асановдун жаркын элесине арналган армиянын кол күрөшү боюнча турнир өттү. Кыргызстан, Казакстан жана Россиядан 300дөн ашык спортчу катышып, байге фонду 300 миң сомдон ашыкты түздү. Командалык мелдеште жеңүүчүлөр: “Бөрү Баткен”, “Скорпион” жана Улуттук гвардия. Турнир кол күрөштү жайылтуу жана жаштарды күч түзүмдөрүндө кызмат өтөөгө даярдоого багытталган.
Бишкекте «Кумтөр Голд Компани» тарабынан уюштурулган «KGC Cup 2024» кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Компаниянын президенти Алмазбек Барыктабасов спорттун корпоративдик тилектештик жана кызматкерлердин ден соолугу үчүн маанисин баса белгиледи. Турнир ар кайсы бөлүмдөрдүн командаларын бириктирип, командалык маанайды бекемдөөгө жана командадагы атмосфераны жакшыртууга жардам берди.
Тогуз коргоол боюнча 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада аяктап, Казакстандын командасы чемпиондукту жеңип алды. Кыргызстан экинчи орунду ээледи. Мелдешке Колумбия, АКШ, Германия баш болгон 41 өлкөдөн 114 спортчу катышты.
Екатеринбургда 30-31-август Кыргызстан Республикаларынын Эгемендүү күнү жана Кара-Кыргыз автономиясынын 100 жылдыгына арналган. Бул иш-чарада волейбол жана мини-футбол боюнча турнирлер өткүрүлүп, 30дан ашкан команда катышты. Башкы консул Майрамбек Тентимишов кыргызстандыктарды куттуктап, олконун жетишкендиктери тууралу айтып берди. Жеңүүчүлөргө кубок, жан сыйлыктар тапшырылды.