Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо дүйнө чемпионатынын тандоо этабынын алкагында Кыргызстан менен Кореянын беттеши башталды. А тайпасында ошондой эле Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстан бар. Алдыңкы эки команда чемпиондукка жолдомо алат, ал эми үчүнчү жана төртүнчү орундар төртүнчү турга өтүшөт. Кыргызстандын курама командасы кызыл форма менен ойнойт.
«Шахмат эркиндик үчүн» деген ураан алдында абактагылар арасында өткөн 4-континент аралык онлайн шахмат турниринде кыргызстандык соттолгондор 5-орунга ээ болушту. Турнирге 51 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, Кыргызстандын командасы швейцариялык система боюнча ар бир оюнга 10 мүнөттөн убакытты көзөмөлдөө менен ойноп, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоонун 3-турунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын беттеши башталды. Кыргызстан бул баскычка биринчи жолу жетип, 2027-жылкы Азия Кубогуна да катышууну камсыз кылды. “А” тайпасында Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстан биздин команда менен күч сынашат. Мыкты эки команда дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышат.