Тег Куала-Лумпур

Кыргызстандык пенчак силат спортчулары Малайзияда өткөн эл аралык турнирде медалдарга ээ болушту

Кыргызстандык пенчак силат спортчулары Куала-Лумпурда өткөн эл аралык турнирде ийгиликтүү чыгып, 2 алтын медалга ээ болушту. 63 килограммга чейинки салмакта Темир Бикбоев, 33 килограммга чейинки категорияда Арууке Бикбоева чемпион аталды. Команда башкы машыктыруучу Каныбек Бикбоевдин жетекчилигинде болду.

Куала-Лумпурда Кыргызстан үчүн ажылык сапарды уюштуруу боюнча окуу программаларын өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди

Куала-Лумпурда Кыргызстандын өкүлдөрү менен Малайзиянын “Табунг Хажи” ажылык фондунун башкы директору ортосунда жолугушуу болуп, ажылык сапарды уюштуруу жана үнөмдөөлөрдү башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Кыргызстан үчүн окуу программаларын өткөрүү боюнча макулдашуулар түзүлдү.

Куала-Лумпурда Кыргызстандан келген таланттуу студенттер үчүн жеңилдетилген шарттар талкууланды

Куала-Лумпур шаарында Кыргызстандын элчиси Анвар Анарбаев Малайзиянын билим берүү тармагынын башкы директору Нови Тажудин менен жолугуп, билим берүү тармагындагы кызматташууну талкуулады. Таланттуу студенттерге жеңилдиктер жана кыргызстандыктар үчүн визалык процедураларды жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуулар түзүлдү.

Кыргызстан халал продукциянын экспортун көбөйтүп, Малайзияга соода миссияларын жүргүзүүдө

Бишкекте Кыргызстандын экспорт борбору менен Малайзиянын элчисинин жолугушуусу болуп, анда соода маселелери жана тамак-аш тармагындагы биргелешкен ишканалардын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар Малайзияда кыргыз товарларынын жаңы рынокко чыгуусуна көмөктөшүүчү соода миссияларын жана көргөзмөлөрдү уюштурууну пландаштырууда. Малайзия Кыргызстандын ишканалары үчүн халал сертификатын колдоого алып, жаңы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Кыргызстандык компаниялардын компетенцияларын жогорулатуу боюнча кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга жетишилди.