Бакуда өткөн SOP-29да Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү
Бакуда өткөн БУУнун Климат боюнча 29-конференциясында Кыргызстандын негизги туристтик долбоорлору, анын ичинде бардык мезгилдүү курорттор жана экологиялык демилгелер сунушталды. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Кылычбек Рысалиев өлкөнүн туруктуу туризм жана инвестиция тартуу потенциалын белгилеп, лыжа трассаларын жана мейманканалардын инфраструктурасын түзүүнү караган «Байтик» тоо-курорту сыяктуу долбоорлорго токтолду.