Тег кыргызстандык спортчулар

Садыр Жапаров: Кийинки Олимпиадага спортчуларды эт казан жана чучук менен жиберебиз

Садыр Жапаров учурдагы Олимпиада кыргызстандык спортчулар үчүн сабак болгонун жана кийинки Оюндарга өз тамагы менен жөнөтүлөрүн билдирди. Президент спортчуларга акыркы жылдары көбүрөөк көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Ал спортчулар үчүн жакшы шарттар түзүлүп, алардын турак-жайы төлөнүп, кымбат витаминдер менен камсыздалганын айтты. Жапаров буга чейин спортчулар эл аралык мелдештерге даярдык көрүүдө кыйынчылыктарга туш болгонун, эми мындай учурлар артта калды деп билдирди. Кийинки Олимпиадага кыргызстандык спортчуларды даярдоо боюнча жаңы пландар түзүлдү.