Бишкекте вице-мэр Виктория Мозгачева Франциянын элчиси Николас Фэй менен жолугушуп, анда маданий-гуманитардык тармактагы кызматташуунун келечеги талкууланды. Тараптар билим берүү долбоорлорун колдоого жана искусство жаатында тажрыйба алмашууга басым жасашты. Мэрия маданий-агартуу иш-чараларын алдыга жылдырууга даяр, бул катышуучулардын айтымында, эки тараптуу мамилелерди бекемдейт.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын жаңы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алып, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жана тогуз мектеп куруу планын талкуулады. Вакунов жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендигин билдирди.
Бишкекте эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган “Кыргызстан-Кытай достук коому” коомдук бирикмеси ачылды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Кытай Эл Республикасынын элчиси баш болгон иш-чаранын катышуучулары экономика, маданият жана билим берүү тармагындагы стратегиялык байланыштардын маанилүүлүгүн баса белгилешти. Уюм эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкты илгерилетүү менен ишкер мамилелерди өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга ниеттенүүдө.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын маданият өкүлдөрүнө Эл жана Эмгек сиңирген артист наамдарын ыйгарды. Бул сыйлыктар эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана бир туугандыкты чыңдоого кыргыз инсандарынын кошкон салымын баалайт.
22-август, Ташкент ШКУ линиясы боюнча эл аралык элчилик форум өттү. Ушул иш-чарада Узбекистан курама командасы сон бокстогу машыктыруучусу Акмал Хасановго Чингиз Айтматовдун медалдарын тапшырды. Хасанов, Кыргыз боксунун онугушун белгилеп, Мунарбек Сейитбек уулунун олимпиададагы жетишкендигин жана кыргыз элинин колдоосун жогору баалады. Ошондой эле, ага чапан, калпак, сурот жана Ысык-Көлгө жолдомо тапшырылды.