Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан 38 медаль, анын ичинен 10 алтын менен үчүнчү орунда келе жатат. Казакстан 69 медаль менен алдыда, Өзбекстан 32 медаль менен экинчи орунда.Оюндар 13-сентябрга чейин уланат.
Бокс боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучулары Абду-Дабиде өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында медалдарга ээ болушту. Арваз Ахмади 66 килограммга чейинки категорияда алтын медаль тагынып, чемпион аталса, 52 килограммдан жогорку салмакта Ризван Исаев күмүш байгеге ээ болду.
Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы 2 медаль жеңип алды: +100 кг салмакта Бекболот Токтогонов алтын жана 70 кг салмакта Ажар Исаева коло. Команданы Райкан Курманов машыктырган.
Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын ат күрөшү боюнча курама командасы 3 медаль: Ислам Бердибек уулунан алтын, Күмүшбек Кыдыралиевден күмүш жана Турдугул Абдрахманов коло менен айырмаланды.
2026-жылы Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөөрүн маданият министри Алтынбек Максүтов билдирди. Астанадагы оюндарда кыргызстандык спортчулар буга чейин 14 медаль утуп алышкан.
Информатика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык мектеп окуучулары 2 күмүш, 1 коло медаль жана Ардак грамотага ээ болуп, 92 өлкөдөн келген 370 катышуучунун арасынан 27-орунга ээ болушту.