Кыргызстандык спортчу Өмүрбек Асан уулу, Иорданияда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында Япония, Украина жана АКШдан келген атаандаштарын жеңип финалга чыкты. Жарым финалда жарадар болгон атаандашын колтуктап алып, асылдыгын көрсөткөнүн “Бириккен күрөш дүйнөсү” белгиледи.
Ысык-Кулда 24-август жаш инспекторлордун жол кы-йымы боюнча эл аралык мелдеш откорулду. Беларусь, Казахстан, Россия, Таджикстан, Узбекстан жана Кыргызстандан келген 29 окуучу катышты. Конкурс тѳрт номинацияда ѳтүп, катышуучулар ѳз таланттарын кѳрсѳтүштү. Жюри жогорку денгеелдеги дайардыкты жана чыгармачылык менен бирге.
Грек-рим стилдүү балбан Узур Джузупбеков Париждеги Олимпия оюндарында чейрек финалдык беттеште жеңилип калды. Ал ирандык балбан Мохаммадхади Саравиге 0:8 эсебинде жеңилип, жарым финалга өтө алган жок. Эми анын Олимпиададагы келечеги ирандык балбанын финалга чыгышына байланыштуу. Эгер ал финалга чыкса, кыргызстандык балбан утуштуу турнирде коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Узур 97 кг салмак категориясында, алгач 22 жаштагы литвалык Миндаугас Венцкайтис менен беттешип, 5:1 эсебинде жеңишке жеткен. Ошондой эле, Акжол Махмудов да 77 кг салмактагы чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге жеңилип калды.