Ысык-Көлдө КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин эл аралык спорт оюндары
4-сентябрдан 12-сентябрга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин XXIII Эл аралык спартакиадасы өтүп, ага ар кайсы өлкөлөрдөн 3000дей спортчу катышууда. Оюндар спорттун 24 түрүн камтыйт жана достукту бекемдөөгө жардам берет. 9-сентябрда волейбол боюнча мелдеш өтүп, анда Бишкектин “Дордой” командасы жеңишке жетти.