«Жеңишке жакын турган жеңилиш». Жоламанын Олимпиада оюндарынын жарым финалындагы жеңилиши тууралуу реакциясы – Sport АКИpress
Жоламан Шаршенбеков 5-августта Париждеги Олимпия оюндарынын жарым финалында жеңилип калды. Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмак категориясында таймашып, биринчи этапта Казакстандык, андан кийин Румыниялык спортчуну жеңген. Жарым финалда Япониялык Кеничиро Фумитага 4:3 эсебинде утулуп, финалга чыга алган жок. 6-августта ал коло медаль үчүн күрөшөт.