Ысык-Көлдө көп функционалдуу спорттук комплекс куруу убадасы берилди
Бүгүн, 7-августта, Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында Кыргыз футбол союзунун (КФС) президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусунда талаа жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө айылда көп функционалдуу спорттук комплекс куруу долбоору талкууланды. 2024-жылы курула баштай турган комплекс 17,72 гектар аянтка жайгашат. Комплекс олимпиадалык спорттун түрлөрү үчүн инфраструктураны камтып, эл аралык мелдештерди өткөрүүгө жана улуттук командаларды даярдоого шарт түзөт.