Тег реабилитациялык борборлор

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелгендердин спартакиадасы өтүүдө

Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата спорттук мелдеш өтүп, анда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар күч сынашат. Программада шахмат, шашки, волейбол жана стол тенниси. Катышуучулар адистештирилген мектептердин жана реабилитациялык борборлордун окуучулары. Иш-чаранын максаты – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго аралаштыруу жана спорттук жашоого бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Жеңүүчүлөр Эл аралык майыптар күнүнө арналган фестивалда сыйланат.