Бишкекте кичи футбол боюнча “Мурас” турнири башталды
Бишкекте өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча республикалык “Мурас” турнири башталды. Мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев спорттун ден соолук жана командалык маанай үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мелдешке беш облустун командалары катышып, байге фонду 90 миң сомду түзөт.