Бишкекте өткөн кол күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курамасы 1 алтын, 2 күмүш жана 6 коло 9 медаль жеңип алды. Аялдар арасында алтын сыйлыкты Бактыгүл Курманбекова алды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты. Башка өлкөнүн лидерлери катышкан иш-чарада катышуучулардын парады жана көчмөндөрдүн маданиятын чагылдырган театралдаштырылган шоу болду. Оюндар 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин уланып, ага 80 өлкөдөн 3000ден ашык спортчу катышат.
Ысык-Кулда 24-август жаш инспекторлордун жол кы-йымы боюнча эл аралык мелдеш откорулду. Беларусь, Казахстан, Россия, Таджикстан, Узбекстан жана Кыргызстандан келген 29 окуучу катышты. Конкурс тѳрт номинацияда ѳтүп, катышуучулар ѳз таланттарын кѳрсѳтүштү. Жюри жогорку денгеелдеги дайардыкты жана чыгармачылык менен бирге.