25-28-ноябрь аралыгында Бишкек шаарында белгилүү спортчунун 71 жылдыгына арналган оор атлетика боюнча Каныбек Осмоналиев атындагы 36-эл аралык турнир өтөт. Беш өлкөдөн 150дөн ашык спортчунун ар кандай салмак категориялары боюнча катышуусу күтүлүүдө.
26-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган алыш бел боо күрөшү боюнча республикалык турнир өтөт. Мелдеш эркектер жана кыз-келиндер арасында түрдүү салмак категориялары боюнча өтүп, жеңүүчүлөр диплом жана медалдар менен сыйланат. Турнирдин ачылышы саат 13:00гө белгиленген.
Бишкекте Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына жана генерал-майор Эргеш Алиевдин жаркын элесине арналган армиянын кол күрөшү боюнча ачык чемпионат башталды. Мелдешке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан бир нече салмак категориялары боюнча 150дөн ашык спортчу катышууда. Чемпионат 15-ноябрга чейин уланат.
Ош шаарында бир тууган Абитовдордун элесине арналган эркин күрөш боюнча XI эл аралык турнир жыйынтыкталып, ага бир нече өлкөдөн 150дөй катышуучу катышты. Бардык жеңүүчүлөргө медалдар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Спортчулар 14 салмак категориясы боюнча күч сынашты.
13-15-ноябрь аралыгында Бишкек шаарында Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына жана генерал-майор Эргеш Алиевдин жаркын элесине арналган армиянын кол кармашы боюнча ачык чемпионат өтөт. Мелдеш «Динамо» спорт комплексинде ар кандай салмак категориялары боюнча өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулардын катышуусунда өтөт. Ачылыш аземи 13-ноябрда саат 14:00гө белгиленген.
10-11-ноябрь күндөрү Бишкекте муай-тай боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп, ага өлкөнүн бардык облустарынан спортчулар катышат. Мелдештер 10-ноябрда саат 09:00дө эркектер жана аялдар арасында ар кандай салмак категориялары боюнча өтөт. Уюштуруучулар – Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын Тай бокс федерациясы.