Кыргызстандын элчиси Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды
Москвада Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды. Россиянын Президенти өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана достук байланыштарды, ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдыгына карата боло турган иш-чараларды белгиледи.