Кыргызстандык режиссер Шамил Дыйканбаев “Бетме-бет” спектакли үчүн Чымкентте өткөн Борбор Азия театрларынын тогузунчу эл аралык фестивалында “мыкты режиссер” наамына ээ болду.
Шотокан каратэ боюнча Кыргызстандын курама командасы Шымкентте өткөн “MURAKAMI CUP” эл аралык турниринде ийгиликтүү чыгып, 16 медаль, анын ичинде 8 алтын жеңип алышты. 30 спортчу катышып, ар кандай категориялар боюнча мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.
28-августта Алматы шаарында Кыргызстан Республикасынын башкы консулу Женишбек Асанкулов менен Казакстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жанибек Абдрашовдун жолугушуусу болуп өттү. Асанкуловго экзекватура тапшырылып, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.