Тег стол тенниси

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелгендердин спартакиадасы өтүүдө

Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата спорттук мелдеш өтүп, анда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар күч сынашат. Программада шахмат, шашки, волейбол жана стол тенниси. Катышуучулар адистештирилген мектептердин жана реабилитациялык борборлордун окуучулары. Иш-чаранын максаты – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго аралаштыруу жана спорттук жашоого бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Жеңүүчүлөр Эл аралык майыптар күнүнө арналган фестивалда сыйланат.

Бишкекте балдар жана спорт аянтчалары бар жаңы эс алуу аймагы түзүлдү

Бишкектин Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 4173 м² болгон жаңы коомдук объект ачылды. Шаардыктардын активдүү эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүчү эс алуу зоналары, балдар аянтчалары, воркаут аянтчалары жана шахмат столдору бар.