Тег сыйлыгы

МикроРНКларды ачкан илимпоздор медицина жана физиология боюнча Нобель сыйлыгын алышты

2024-жылы физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгы америкалык окумуштуулар Виктор Амброуз менен Гэри Равканга гендердин иштөө механизмдерин жана адам денесиндеги түрдүү кыртыштардын пайда болушун ачып берген микроРНК боюнча изилдөөлөрү үчүн ыйгарылды. Сыйлык алгандар 11 миллион швед кронунун байге фондун бөлүшүп, алардын ачылышы көп клеткалуу организмдердин гендик жөнгө салынышын түшүнүү үчүн маанилүү экенин белгилешти.

Байге фонду 10 миллион сомду түзгөн ЖМКлар үчүн президенттик сынакка арыздарды кабыл алуу уланууда

Кыргызстанда президент тарабынан журналистиканы жана ЖМКны колдоо максатында түзүлгөн сынакка эмгектерди кабыл алуу уланууда. Катышуучулар 1-октябрга чейин үч номинация боюнча арыз бере алышат жана жеңүүчүлөр 7-ноябрда жарыяланат. Байге фонду 10 миллион сомду түзүп, 10 номинация боюнча ар бири 1 миллиондон. Сынак түрдүү тармактардагы жетишкендиктерди таануу жана өлкөнүн аброюн бекемдөөгө багытталган.

Кыргыз опера жана балет театрынын жаңы сезону “Эне талаасы” спектакли менен ачылат.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 22-сентябрда 82-сезонун композитор Калый Молдобасановдун “Эне талаасы” балет-ораториясынын спектакли менен ачат. Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде жазылган бул чыгарма кыргыз элинин музыкалык салтын, руханий байлыгын чагылдырат. СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон балет согушта уй-булосун жоготкон Толгонай аялдын кайгылуу тагдыры женунде баяндайт, республикада да, чет елкелерде да ийгиликтуу коюлган.

Мушкер Мунарбектин машыктыруучусу 2,5 миллион сом тапкан. Кайсы машыктыруучу эң көп акча алды?

13-августта президент Садыр Жапаров олимпиадага катышкан спортчулардын машыктыруучуларына акчалай сертификаттарды тапшырды. Тренер жана медициналык персонал озунчо сыйлыктар берди. Бокс, курош, дзюдо жана башка спорт түрлөр боюнча тренерлерге берилген сыилыктар боюнча жыйынтыкта, жалпы 40 миллион сомдон ашык.