Тег Тай

“Тай туяк” коллекциялык монетасы эл аралык сынакта коло алды

“Тарыхый окуялар” сериясындагы “Тай туяк” коллекциялык күмүш монетасы “Монета жылдыздары – 2024” XVIII эл аралык монета сынагында “Жылдын күмүш тыйыны” номинациясында үчүнчү орунду жеңип алды. КМШ өлкөлөрү үчүн уникалдуу болгон сынак катышуучуларды дизайн, көркөм аткаруу жана сапат критерийлерине карап баалады. Монета Кыргызстандын улуттук валютасынын 30 жылдыгына карата чыгарылган жана акчанын байыркы тарыхын чагылдырат.

Тай бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатында беттешет

Тай бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 3-7-октябрь аралыгында Ереван шаарында өтө турган Азия чемпионатына кызуу даярдык көрүүдө. Команданын курамында Рамис Масловец жана Диана Зайнитдинова баш болгон 12 спортчу машыктыруучулар Сыргак Айталиев, Дилшат Даутов жана Александр Кононенконун жетекчилиги астында.

Шайлообек Атазов Таиландда өтүп жаткан муай-тай боюнча турнирге катышууда

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шайлообек Атазов Таиландда өтүп жаткан муай-тай боюнча турнирге катышып, таиланддык мушкер Чиангкван Паномтед менен жолугушат. Беттеш 29-августта өтүп, жеңиш үчүн “профессионалдык дүйнөлүк кур” ыйгарылат. Спорт коомчулугуна таанымал Атазов буга чейин бокс жана кикбоксинг менен алектенип, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутат болгон.