10-11-ноябрь күндөрү Бишкекте муай-тай боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп, ага өлкөнүн бардык облустарынан спортчулар катышат. Мелдештер 10-ноябрда саат 09:00дө эркектер жана аялдар арасында ар кандай салмак категориялары боюнча өтөт. Уюштуруучулар – Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын Тай бокс федерациясы.
Кыргызстандын тай бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасы Бангкокто өткөн дүйнө чемпионатында эки коло медаль тагынды. Машыктыруучу Дилшат Даутовдун жетекчилиги астында Рамис Масловец (42 кг чейин) жана Милана Шихшабекова (51 кг чейин) өз салмак категорияларында айырмаланышты.
Экс-депутат Шайлообек Атазов 2-раундда таиланддык атаандашы Чиангкван Паномтеди техникалык нокаут менен жеңип, IBF муайтай муай тай чемпиону аталды. Атазов Кыргызстандын кооздугун белгилеп, турнирдин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.