Нарында биринчи эт фестивалы: кымыздагы койдун кабыргасы жана кара өрүк соусунда тил
Нарын облусундагы биринчи эт фестивалы «EtFest» кыргыз маданияты менен гастрономиясын бириктирген жүздөгөн катышуучуларды чогултту. Иш-чаранын алкагында мастер-класстар, уникалдуу тамактар жана жергиликтүү ишкерлерге колдоо көрсөтүлүп, аймактагы туризмди өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калды.