Кыргызстан – Өзбекстан беттеши: 2026-жылы Бишкекте өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандоонун башталышы
Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоонун 3-турунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын беттеши башталды. Кыргызстан бул баскычка биринчи жолу жетип, 2027-жылкы Азия Кубогуна да катышууну камсыз кылды. “А” тайпасында Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстан биздин команда менен күч сынашат. Мыкты эки команда дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышат.