Тег травля

Иман Хелиф Олимпиадада бокс боюнча турнирди жеңди

Алжирлик спортчу Иман Хелиф Париж Олимпиадасында аялдар арасында бокс боюнча турнирин жеңип алды. Финалдык беттеште полусредний салмак категориясында (66 кг чейин) Хелиф кытайлык Лиу Янды бир добуштан жеңди (5:0). Иман Хелиф Париж Олимпиадасынын эң популярдуу жана талкууланган спортчуларынын бири. 2023-жылы дүйнө чемпионатынан тестостерон деңгээли жогору болгондугу үчүн дисквалификацияланды. Олимпиада учурунда Хелиф трансгендер экендиги тууралуу ушактардан улам куугунтукка кабылды.

Алжирдик боксчу Иман Хелиф Олимпиаданын финалына чыкты

Алжирлик боксчу Иман Хелиф Париждеги жайкы Олимпиадада финалга чыкты. Ал жарым финалда Тайланддык Джанжаем Суваннафенгди 5:0 эсебинде жеңди. Хелиф интернетте трансгендер деп сынга алынып, кээ бирлери аны "эркек" деп аташты. Мындан тышкары, Хелиф жана Тайвандын Линь Юй-Тин аттуу боксчусу гендердик тесттен өтпөй калышкан. Хелиф бул травлянын адамдарга терс таасир этерин, алардын психологиясын бузуп, коомду бөлүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. Финалда Хелиф кытайлык Лю Янга каршы чыгат.