Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде биринчи эл аралык шахмат турнири башталып, ага Кыргызстан, Өзбекстан жана Россиядан 200гө жакын өспүрүм катышууда. Иш-чара 9-ноябрга чейин уланат.
Дубайда кыргыз диаспорасы жана Кыргызстандын БАЭдеги элчилиги уюштурган “Ынтымак кубогу” футбол турнири өттү. Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына арналган иш-чарага 200гө жакын катышуучу жана 8 команда катышып, мекендештердин ынтымагын, маданий мурастарды сактоого үндөдү.
«Шахмат эркиндик үчүн» деген ураан алдында абактагылар арасында өткөн 4-континент аралык онлайн шахмат турниринде кыргызстандык соттолгондор 5-орунга ээ болушту. Турнирге 51 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, Кыргызстандын командасы швейцариялык система боюнча ар бир оюнга 10 мүнөттөн убакытты көзөмөлдөө менен ойноп, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Бельгияда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата кыргыз диаспорасы арасында футбол боюнча мелдеш өттү. Элчи мекендештеринин колдоосун белгилеп, катышуучулар концертке жана улуттук тамак-аштарга даам татышты.
Лас-Вегаста өткөн UFC 306 турниринде Валентина Шевченко бир добуштан Алекса Грассону жеңип, чемпиондук титулга кайра ээ болду. Бул алардын ортосундагы үчүнчү беттеш болуп, буга чейинки эки жолугушуудан кийин кыргызстандык айымдын пайдасына аяктаган.
Лондондо Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата футбол боюнча мелдеш өттү. Иш-чарага Улуу Британиянын ар кайсы шаарларынан 11 команда чогулуп, элчи Улан Джусупов өлкөнүн модернизациялоо жана өнүктүрүү жаатындагы жетишкендиктерин белгиледи. Турнир бир гана спорттук иш-чара эмес, кыргыз диаспорасынын байланышын чыңдоочу, улуттук маданиятты даңазалоочу маданий майрамга айланды.
Бишкек спорттук кол-жекеме 2025-жылдан тарта Азия оюндарына киргизилди. Федерациянын президенти Рамис Кыдыралиев Кыргызстанда эки ири мелдештин откорулуусун билдирди. Федерация жаштарды дене тарбияга кызыктыруу максатын көздөп, турнир акылсыз откорот.